Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:29

Иранда австралиялык-британиялык саякатчы жубайлар камалды


Иранда абакта отурган австралиялык-британиялык жубайлар.
Иранда абакта отурган австралиялык-британиялык жубайлар.

Иранда Австралиянын жана Британиянын жарандары, блогер-саякатчы жубайлар Марк Фиркин менен Жоли Кинг жана дагы бир окумуштуу аял камакта отурат. Аларды Ислам революциясынын сакчылары корпусу Тегерандын жанындагы Жажруда провинциясынан камакка алышкан. Жубайларга «уруксатсыз дрон учурган» деген айып коюлган.

Австралиялык ABC телеканалы австралиялык-британиялык жарандыгы бар дагы бир аял Иранда дээрлик бир жылдан бери абакта отурганын жазды. Айрым бир маалыматка караганда окумуштуу аял 10 жылга эркинен ажыратылган, бирок ага коюлган айыптын төркүнү белгисиз. Иранда адатта тыңчылык үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Тегеран түрмөдө отурган бул чет өлкөлүк жарандарга байланыштуу расмий комментарий бере элек.

Мындай камакка алуу Иран менен Батыштын мамилеси кескин солгундап кеткен учурга туш келди. Чыңалган алака-катышка Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимден Вашингтондун чыгып кеткени себеп болду.

XS
SM
MD
LG