Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Дональд Трамп талибдерди «талкалоого» убада берди


11-сентябрь теракттарын эскерүү иш-чарасы. 11-сентябрь, 2019-жыл.
11-сентябрь теракттарын эскерүү иш-чарасы. 11-сентябрь, 2019-жыл.

АКШда 11-сентябрь теракттарынын кесепетинин 18 жылдыгы эскерилди. Иш-чарага террордук чабуулдарда аман калгандар жана ажал тапкандардын тууган-уругу катышты. Президент Дональд Трамп «Талибан» кыймылынын мизи мындан ары «буга чейинкиден дагы катуу майтарылат» деп убада берди.

Мунун алдында Трамп «Талибан» менен тынчтык келишимин түзүү тууралуу бир канча айдан берки сүйлөшүү биротоло токтогонун кабарлаган.

2001-жылы 11-сентябрда жанкечтилер барымтага алган жүргүнчү учактары Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун кош мунараларына урулган. Учактар ошондой эле Вашингтондогу Пентагондун имаратына, Пенсилвания штатынын аймагына да кулаган. Мындай теракт чабуулдарынын кесепетинен 3 миңге жакын адам мерт болуп, 10 миңге жакын адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

XS
SM
MD
LG