Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

ФИФАнын өкүлдөрү футболго күйгөн айымдын өлүмүнөн улам Иранга барышат


Иранда аялдарга стадиондон футбол көрүүгө 40 жыл мурун тыюу салынган.
Иранда аялдарга стадиондон футбол көрүүгө 40 жыл мурун тыюу салынган.

Футбол боюнча эл аралык федерациянын (ФИФА) өкүлдөрү Тегеранда кодулоого каршы өзүн өрттөгөн, алган жаракатынан улам ооруканада ажал тапкан футбол күйөрманы Сахар Ходайаринин окуясына байланыштуу Иранга барышат. Федерация бул тууралуу билдирүү таратты.

Ходайари быйыл март айында өзүнө жаккан футбол командасынын беттешин көрүш үчүн стадионго келгенде камакка алынган. Кийинчерээк күрөөгө бошотулуп, ишинин сотто каралышы улам-улам жылып, аны жарым жылдан бери күтүп жаткан. Сот аны эки жылга чейин эркинен ажыратышы мүмкүн экенин уккандан кийин жандан кечип, өзүн өрттөп жиберген.

Буга чейин ФИФА Иран бийлигинен Катарда 2022-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо оюндарына аялдардын да барышына уруксат берилишин талап кылган. Эгер Тегеран мындай 40 жылдык тыюуну албаса анда тандоо оюндарына катышпай каларын да эскерткен.

Ирандын башкы прокурору Мохаммад Монтазери ФИФАнын талабын четке кагып, «ирандык кыз-келиндер стадионго барып футбол көрүшү керекпи же керек эмеспи - албетте, ФИФАнын иши эмес» деп айткан.

Иранда 1979-жылкы Ислам революциясынан бери кыз-келиндерге стадиондорго барып футбол көрүүгө жол берилбейт. ФИФА бул чектөөнү алдырууга бир канча жылдан бери аракет кылып келе жатат.

XS
SM
MD
LG