Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Депутаттар тобу Кыргызстанда өзгөчө экономикалык аймактарды түзүүнү сунуш кылды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин депутаттары 12-сентябрдагы отурумда «Кыргыз Республикасындагы өзгөчө экономикалык аймактар жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда карашты.

Мыйзам долбоорун анын авторлорунун бири депутат Махабат Мавлянова коргоп, ал инвестициялык долбоорлорду тартуу, экономиканын кайра иштетүүчү тармактарын өнүктүрүү, экспортко багытталуучу жана импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү өнүктүрүү максатын көздөй турганын айтты.

Ал ошондой эле өзгөчө экономикалык аймактар үч типте - өнөр жайлык-өндүрүштүк аймак, инновациялык-технологиялык аймак, туристтик-рекреациялык аймак катары түзүлүшү мүмкүн экенин билдирди. Депутат түшүндүргөндө аталган аймакта каттала турган ишканаларга салыктардан, социалдык төлөмдөрдөн бошотуу каралган.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов мыйзам долбоору бюджетке түшкөн салыктардын азайышына алып келиши мүмкүн экенин айтып, бул кайсы бир топтордун кызыкчылыгына иштеген мыйзам болорун билдирди.

Мыйзам долбоору 2013-жылы мартта коомдук талкууга коюлуп, парламенттин тиешелүү комитеттеринин кароосунан өткөн. Мавляновадан сырткары мыйзамга депутаттар Дастан Жумабеков, Салайдин Айдаров, Айнура Осмонова, Рада Туманбаева, Улан Примов, Таабалды Тиллаев, Абдывахап Нурбаева, Жыргалбек Турускулов, Зиядин Жамалдинов, Эмил Токтошев демилгечилик кылышат.

Кыргызстанда атайын мыйзамдын негизинде беш эркин экономикалык аймак түзүлгөн. Алар «Бишкек», «Нарын», «Каракол», «Маймак» жана «Лейлек» (10 гектар) эркин экономикалык аймактары. Өзгөчө экономикалык аймактар ушуга окшош системада, өзүнчө түзүлүшү мүмкүн. (ErN)

XS
SM
MD
LG