Бишкектин Биринчи май райондук сотунда үй камагындагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин караган соттук жараян 1-октябрга, саат 10:00гө жылдырылды.
12-сентябрдагы отурум сот процессин видеого тартууга тыюу салуу менен башталды. Андан кийин адвокаттар ишти кайра кароого негиз болгон жагдайларды тизмектеп, ишти кароо тартиби бекитилди.
Айыптоочулар Чотонов менен Текебаевге коюлган айыптоо корутундусун кайра окуп беришти. Муну айыпталуучулар менен алардын адвокаты «ойдон токулган жомок» деп аташты. Тараптардын жүйөсүн уккандан кийин сот жаңы келтирилген жагдайларды ырастап же четке кага турган кошумча күбөлөрдү чакырууну буюруп, сотту 20 күн артка, 1-октябрга жылдырды.
Жогорку сот 21-августта «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлүп, жараян 12-сентябрга белгиленген.
29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту камакта жаткан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Маевский жана дагы бир орусиялык ишкер Алексей Модин, Өмүрбек Текебаев менен 2010-жылы 13-майда кечки саат беште, шаардын сыртындагы «Супара» ресторанында жолугушканын айткан. Бирок, «Нуртелеком» компаниясы берген документте алардын телефон номурлары «Супаранын» аймагында колдонулбаганы көрсөтүлгөн. Бул жүйө адвокаттар көрсөткөн беш жаңы жагдайдын бири болчу. (ErN)