Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

13-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Чүй облусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Чүй облусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратып, 15-16-сентябрларда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшө тургандыгын эскертти. Абанын температурасы төмөндөйт. 17-сентябрдан тарта 0…-2° үшүк жүрүшү ыктымал.

13-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 13-сентябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаайт, калган аймактарда жамгыр болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Талас дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7 градус болот.

13-сентябрда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрди түзөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12°, күндүзгү жогорку температурасы 23…25° болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG