Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегация Араван районуна жөнөп кетти


Аравандын Төө-Моюн айыл аймагынан тартылып алынганы айтылган видеодон алынган кадр.
Аравандын Төө-Моюн айыл аймагынан тартылып алынганы айтылган видеодон алынган кадр.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк жумушчу топтун делегациясы Ош облусунун Араван районуна жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Мекеме кабарлагандай, мунун алдында өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаев, чек ара маселелери боюнча өкмөттүн атайын өкүлүнүн милдетин аткаруучу Чыңгыз Мамат уулу, Мамлекеттик картографиялык жана геодезиялык кызматтын директорунун орун басары Абдималик Мурзаев жергиликтүү бийлик органдары менен бирге Төө-Моюн айыл аймагындагы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

10-сентябрда Өзбекстандын чек арачылары Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги тилкени тосо баштаганы кыргызстандык тургундарды нааразы кылып, ортодогу пикир келишпестикке себепкер болгон. Өзбек аскер кызматкерлери чек арада атайын техника менен турганы тартылган видеолор Интернетте тарап жатты.

Жергиликтүү бийлик аталган тилке коңшу өлкөнүн башка аймагы менен алмаштырылганын, делимитациясы бүтүп, демаркациясы бүтө элек экенин мойнуна алган. Кыргыз тараптын жүйөсүндө тараптар макулдашуу документтерин толук аягына чыгармайынча Өзбекстан зым тосмолор менен белгилерди коюуга укугу жок болгон. Өкмөт соңку сүйлөшүүлөрдөн кийин коңшу өлкө тосмо коюу ишин убактылуу токтотуп турат деп ишендирүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG