Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Өкмөт Керкидан суу сактагычы боюнча маалыматты ачыкка чыгарды


Керкидан суу сактагычы. Картадан көрүнүп тургандай кыргыз-өзбек чек арасы суунун ортосунан өтөт. Жерлер демаркацияланып бүтсө, чек ара Кыргызстандын аймагына карай жылат. Google картадан алынган скриншот.
Керкидан суу сактагычы. Картадан көрүнүп тургандай кыргыз-өзбек чек арасы суунун ортосунан өтөт. Жерлер демаркацияланып бүтсө, чек ара Кыргызстандын аймагына карай жылат. Google картадан алынган скриншот.

Кыргызстандын өкмөтү Өзбекстандын башка жер тилкесине алмаштырылган Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы Керкидан суу сактагычынын тагдыры тууралуу маалыматтарды баштан-аяк тактап, билдирүү таратты.

Өкмөт аппараты тараткан билдирүүдө, Керкидан (Керкидон) суу сактагычынын жалпы аянты 1041 гектарды түзөт.

Анда белгиленгендей, Кыргыз ССРинин Министрлер советинин 1962-жылдын 29-майындагы, 1964-жылдын 14-сентябрындагы, 1970-жылдын 14-сентябрындагы токтомдору менен Керкидан суу сактагычынын объектилерине Ош облусундагы Араван районундагы чарбалардын 1041 гектар жери берилген. Өзбекстан өз кезегинде Керкидан суу сактагычы каптап калган жердин ордуна кыргыз тарапка 1041 гектар жерди берүүгө тийиш болгон.

1972-жылы Өзбекстан тарап Ош облусунун Араван районуна Фергана облусунун Кува районунан 628 гектар жерди берген.

2017-жылы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча татаал, узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен, Өзбекстан кыргыз тарапка калган 413 гектар жерди кошумча компенсация катары берген. Алар Араван районундагы Полигон тилкесинен (304,3 гектар), Баткен районундагы Кайрак тилкесинен (74 гектар), Аксы районундагы Дерес тилкесинен (35 гектар) жер бөлүнгөн.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 2017-жылдын 5-сентябрында түзүлгөн «Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө» келишимге «Керкидан суу сактагычы» жана «Полигон» тилкелери жазылган жана кошулган.

Белгилей кетүүчү жагдай, Араван районунун аймагындагы «Полигон» тилкесинин сызыгы 2001-жылдагы жана 2002-жылдагы биргелешкен кыргыз-өзбек протоколдорунда чийилген. 2017-жылы бул тилкенин сызыгын кайрадан чийүүгө Керкидан суу сактагычы каптап калган жердин ордуна өзбек тараптын жер берүүсү себеп болгон. Мындан тышкары бул чечим мамлекеттик чек араны республикалык маанидеги Ош-Араван жолунан белгилүү бир нече аралыкка жылдырууга шарт түздү.

10-сентябрда Өзбекстандын чек арачылары Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги тилкени тосо баштаганы кыргызстандык тургундарды нааразы кылып, пикир келишпестик чыккан. Өзбекстандын аскер кызматкерлери чек арада атайын техника менен турганы тартылган видеолор Интернетте тарап жатты.

11-сентябрда Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты Керкидан суу сактагычынын айланасындагы Кыргызстанга караштуу 407 гектар аянт Өзбекстандын Араван району менен чектешкен, Гүлбаар айылынын жанындагы ушундай эле аянттагы тилкеси менен алмаштырылганын «Азаттыкка» билдирген. Мындагы Гүлбаар айылы өкмөт аппараты атаган Полигон тилкесине жакын экени белгилүү жана Өзбекстан менен алмаштырылган аянт 407 эмес, 413 гектар экени маалым болду. (ErN)

XS
SM
MD
LG