7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү тергөө сырына байланыштуу бир катар документтер менен тааныша элек. Бул туурасында «Азаттыкка» комиссиянын мүчөлөрүнүн бири Артур Медетбеков билдирди.
Документтерге уруксат кийинки жумада берилип калышы мүмкүн экенин айткан Медетбеков алдыда дагы бир катар карала турган маселелер бар экендигин белгиледи.
- Мына, өткөн комиссиянын отурумунда күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин маалыматтарын угуп, аларга комиссия мүчөлөрү бир катар суроолорду берип, жооп алышты. Бирок бул ушуну менен бүтпөйт, дагы уланат. Себеби тергөө жүрүп жатканына байланыштуу комиссия ал иштерге кийлигише албайбыз. Биз дагы эле тергөө сырына байланыштуу кээ бир документтер менен тааныша элекпиз. Ошол документтерди колго алсак, күч түзүмдөрүнө бизде да кошумча суроолор болот,- деди ал.
Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча комиссия бүгүн да жыйын өткөрүүдө. Бүгүнкү отурумга Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова, саясатчы Равшан Жээнбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов чакырылган.
Кой-Таш окуясын иликтей турган мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт.
Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген. 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. Ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. (SDz\ErN)