Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Өзбекстан: муфтий тууралуу так эмес маалымат жазган порталдын редактору иштен кетти


Усманхан Алимов муфтий болуп 2006-жылы дайындалган.
Усманхан Алимов муфтий болуп 2006-жылы дайындалган.

Өзбекстанда Azon.uz маалымат порталы «муфтий Усманхан Алимов кызматтан кетти» деген такталбаган маалымат таратканы үчүн анын башкы редактору иштен алынды.

«2019-жылдын 10-сентябрында «Azon New Media» чукул жыйынга чогулду жана анда маалыматты даярдап чыгарууда шалаакылык кылганы үчүн башкы редакторду иштен бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынды», деп айтылат портал тараткан маалыматта.

Мунун алдында бир катар жергиликтүү маалымат агенттиктери Усманхан Алимов Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилигинен бошогону тууралуу жазышкан.

Ал муфтий болуп 2006-жылы дайындалган. Былтыр дүйнөдөгү эң таасирлүү мусулман деп эсептелген 500 адамды санаган «The Muslim 500» тизмесине кирген.

XS
SM
MD
LG