Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Президент турак жай ипотекасынын пайыздык ченин төмөндөтүүнү сунуш кылды


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

12-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Элмира Абжапарованы кабыл алып, жарандарды турак жай менен камсыз кылуу жана ипотекалык насыялоо системасын талкуулашты.

Президент жарандардын төлөө мүмкүнчүлүгүн эске алып, ипотекалык насыяны жеткиликтүү кылыш керек экенин белгиледи. Ошондой эле ипотеканын пайыздык ченин төмөндөтүүнүн жолдорун кароону сунуш кылды.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Элмира Абжапарова каржылык маселени чечиш үчүн донорлорду тартуу аракети жүрүп жатканын, жакын арада германиялык KFW банкынын гранттык каражаты иштетиле баштай турганын айтты.

Абжапарованын маалыматына караганда, башкармалык ипотекалык насыяны 6 пайыз менен берүү маселесин пландап жатат. Учурда бул башкармалык 5 млрд. сомго жакын каражатка, 4 миңден ашуун ипотекалык насыяларды берди.

Буга чейин Германия Кыргызстанга турак жай программасын колдоо максатында 10,5 миллион евро бөлүп берери кабарланган. Ал каражат Мамлекеттик ипотека компаниясына которулуп, «Жеткиликтүү турак жай» программасын колдоого жумшалат. Кыргыз өкмөтү «Жеткиликтүү турак жай» программасын ишке ашырыш үчүн Мамлекеттик ипотека компаниясын түзгөн.

Бул компания бюджеттик мекемелерде иштегендерге арзан турак жай алыш үчүн 10 жылдан ашык убакытка ипотекалык насыя берип жатат.

Буга чейин бийлик өкүлдөрү бул багыттагы каражат чектелүү болгондуктан кошумча каражат изделип жатканын кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG