Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу мас абалында автоунаа айдагандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салууну сунуш кылды. Бул туурасында депутат фракциянын 13-сентябрдагы жыйынында айтты.
- Ичкилик ичип алып машине айдагандарга 17 миң сом айып салынат. Мас болуп машине айдап жүргөндөр «МАИге» кармалса ачуусу келгендер чөнтөгүнөн 17 миң сомду алып чыгып «ме, төлөп ал» дегендерди көрүп атабыз. Ошон үчүн аларга айып пулду 50-100 миң сомго чейин көтөрүш керек, - деди ал.
Алтынбек Жунус уулу ошол эле кезде коопсуздукка анча коркунуч келтирбеген жол эрежесин бузгандарга карата айыпты азайтып, анын көлөмүн 500 сомго чейин түшүрүү керек экенин билдирди.
2019-жылдын 1-январынан тартып Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөр ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айып пулдун өлчөмү көбөйгөн. Бул эрежелердин негизинде мас абалында машине айдагандарга 17 500 сом айып пул салынат. (BTo\ErN)