Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

Австралия Иранда кармалган жарандарын бошотууга аракет кылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Австралиянын тышкы иштер министри Марис Пэйн Тегеранда кармалган 3 жаранды бошотуу үчүн аракет көрүп жатканын билдирди. «Reuters» агенттиги кабарлагандай, Пэйн бул маселени өткөн жумада Бангладеште, Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен жолугушкан учурда талкуулады. Австралиянын тышкы иштер мекемеси кармалган экөөнүн аттарын атаган. Жубайлар Марк Фиркин жана Жоли Кинг Иранда саякаттап жүрүшкөн. Кармалган үчүнчү кишинин аты айтыла элек. Ал эмне себептен камалганы тууралуу маалымат да так айтылган жок.

Британиянын «The Times» гезити жазганына караганда, австралиялык-британиялык окумуштуу аял 10 жылга өкүм кылынды. Бирок кандай айып коюлганы белгисиз.

Ал эми Би-Би-Си Фиркин менен Кинг 10 апта мурда, аскердик аймакка жакын жерде чатыр тигишкени үчүн кармалышканын жазды.

Дагы бир булактардын маалыматына ылайык, жубайлар дрондорду уруксатсыз учурган деп айыпталууда.

Британ тышкы иштер министри Доминик Рааб болсо Ирандын элчиси менен кездешкен учурунда кош жарандыгы бар адамдардын Иранда кармалып жатышына жана аларды кармоо шарттарына камтама болгонун айтты. Бул тууралуу британ тышкы саясий мекемеси 11-сентябрда билдирген.

XS
SM
MD
LG