Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:38

Маршал Коневдин Прагадагы эстелиги алынат


Маршал Коневдин эстелиги. Прага, 12-сентябрь, 2019-жыл.
Маршал Коневдин эстелиги. Прага, 12-сентябрь, 2019-жыл.

Прага-6 районунун жетекчилиги Советтер Союзунун маршалы Иван Коневдин эстелигин музейге көчүрүүнү чечти. Орусиянын Чехиядагы элчилиги муну кескин айыптап билдирүү таратты.

Конев Экинчи дүйнөлүк согушта Чехословакияны нацисттерден куткарган Кызыл Армиянын аскердик бөлүгүн жетектеген. Бирок маршалдын 1945-жылдан кийинки Европадагы аракеттери, тактап айтканда 1956-жылы Венгриядагы козголоңду басканы, 1968-жылы Чехословакияга аскер киргизүүнү пландаганы терс бааланып келет.

Мындан 40 жылдай мурун орнотулган эстелик эң башынан эле талаш-тартыштуу талкуу жараткан болчу. Соңку жылдары айкелди бүлүндүрүүгө бир канча жолу аракет жасалган. Чехиянын президенти Милош Земан эстеликти коргоп, жергиликтүү бийликтин жетекчилигин сындады.

Эми бул эстеликтин ордуна Экинчи дүйнөлүк согушта Праганы нацисттерден бошоткондордун урматына арналып атайын мемориал коюлмакчы.

XS
SM
MD
LG