Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Военно-Антоновканын тургундары мектеп фондуна каршы митингге чыгышты


Военно-Антоновка айылындагы митингди баяндап жаткан видеодон алынган сүрөт.
Военно-Антоновка айылындагы митингди баяндап жаткан видеодон алынган сүрөт.

13-сентябрда Чүйдүн Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында элүүдөн ашык ата-эне мектептеги фондго акча чогултууга нааразы болуп митингге чыгышты. Алар мектеп жетекчилиги кошумча китепке, тамакка да акча сурап жатканына даттанышты.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү чогулгандарды атайын залга чакырып жолугушту. Ата-энелердин жүйөлөрүнө айрым депутаттар каршы чыгып, чырдашып кете жаздашты. Тараптар жакалашканга чейин барды.

Айылдык кеңештин депутаты Алмазбек Бузурманкулов акцияга чыккандар ушул жердин тургундары эмес экенин, айылда каттоосу бар адамдар гана талап коё аларын эскертти. Ал ата-энелер акча чогултпаса, мектеп оор абалга туш болорун айтты.

Быйыл апрель айында ушул эле райондун Новопавловка айылынын тургундары митингге чыгып, мектеп фондуна чогултулган акчанын эсебин талап кылышкан. Алар Жогорку Кеңештин алдына чейин келип, соңунда мектептин директору алмашкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG