Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссияга Сооронкулова менен Касымбеков кошулду


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына эки жаңы катышуучу Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана Бишкек шаардык "Тез жардам" бекетинин мурдагы жетекчиси Жаркынбек Касымбеков киргизилди.

Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, жаңы мүчөлөр премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругунун негизинде кошулган.

Аталган комиссияда Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Алишер Мамасалиев, Артур Медетбеков, өкмөт аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүн башчысы Азамат Араев бар.

Комиссия атайын отурумунда буга чейин коомдук ишмер Равшан Жээнбековдун жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун окуя боюнча маалыматын укту.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жараат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG