Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:43

АКШ Конгрессинин комитети Халилзадды жыйынга чакырды


АКШнын «Талибан» менен сүйлөшүүлөрдөгү чабарманы Залмай Халилзад.
АКШнын «Талибан» менен сүйлөшүүлөрдөгү чабарманы Залмай Халилзад.

АКШ Конгрессинин комитети атайын буйрук чыгарып, эмки жумада президент Доналд Трамптын Ооганстан боюнча өкүлү Залмай Халилзаддын көрсөтмөлөрүн угууну көздөп жатат.

Өкүлдөр палатасынын Тышкы иштер комитетинин төрагасы, демократ Элиот Энгел Трамптын администрациясы Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу маалыматты Америка коомчулугунан жаап-жашырганын айыптады.

«Рейтерстин» маалыматына караганда, Мамлекеттик департамент Халилзадды комитетке расмий чакырган буйрук боюнча комментарий берүү тууралуу өтүнүчүнө жооп кайтарган жок.

9-сентябрда Трамп «Талибан» менен сүйлөшүүлөр токтогонун жарыялаган.

Көптөгөн конгрессмендер президенттин чечимин сындашууда. Анын үстүнө мыйзам чыгаруучулардын Халилзаддан маалымат алуу тууралуу өтүнүчү буга чейин бир нече жолу канааттандырылган эмес.

XS
SM
MD
LG