Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Нарындагы Турук көмүр кенин бир ай мурда түзүлгөн компания аукциондон утуп алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Турук көмүр кенине өткөн аукционду «Ырыс-Кен» аттуу жоопкерчилиги чектелген коому утуп алды. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Сынакка аталган фирмадан сырткары «Дигитл Трейд», «Майнинг ресурс», «Нукер Бишкек» аттуу компаниялар да катышкан. 3263 доллар старттык баа менен башталган аукциондо «Ырыс-Кен» 205 миң доллар сунуш кылган.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, «Ырыс-Кен» фирмасы 14-августта катталган. Жетекчиси Жыргалбек Сыдыков, ээси Нурмухаммед Миңбаев.

Турук көмүр кени боюнча сынактар жана андагы иштин солгун жүрүп жатканы боюнча буга чейин келишпестиктер болуп келчү.

Облустун Жумгал районунда жайгашкан Кабак, Кара-Кече көмүр бассейнинен тышкары Ак-Талаа районундагы Турук көмүр кенинен Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын району жана Нарын шаарына көмүр ташылат. Аталган кенден 2015-жылы 21 миң тонна көмүр казылса, 2016-жылы аны казган ишканалар милдеттенмелерди так аткарбай койгондугу үчүн 8 миң тонна казылып, 2017-жылы кыш чилдеде нарындыктар көмүрсүз калган. (ErN)

XS
SM
MD
LG