Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Ташкентте 25 жаштагы кумсаны мууздап кетишти


Өзүнүн кумса экенин "Инстаграмда" ачык айткан өзбекстандык Шакир Шавкатовду 12-сентябрда Ташкентте мууздап кетишти.

Окуя кечинде болгонун, кылмышка шек саналып 40 жаштардагы эки эркек кармалганын Ташкенттин Юнусабад райондук милициясынан "Азаттыктын" өзбек кызматына билдиришти.

Бул иш райондук прокуратурада Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 97-беренеси (Атайылап адам өлтүрүү) менен иликтене баштады.

Маркум Самарканд облусунун тургуну. Анын апасы баласынын сөөгү Ташкенттеги ооруканалардын биринде өлүкканада экенин 13-сентябрда маалымдады.

Өзбекстан бир жыныстуулардын мамилесине мыйзамдуу түрдө тыюу салган саналуу мамлекеттердин катарында. 2018-жылдын апрелинде БУУ ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын сактоо боюнча 11 сунуш киргизип, Ташкент аны кабыл алган эмес.

XS
SM
MD
LG