14-сентябрда Нур-Султан шаарында Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталды.
Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн таймаштар өтүп жатат. Кыргызстандык үч балбан таймашка түшүп, жеңилип калышты. Алар - Асан Сулайманов (55 кг.), Руслан Царев (72 кг.) жана Калидин Асыкеев (82 кг.).
55 килограммга чейинки салмактык бөлүктө килемге чыккан кыргыз балбаны Асан Сулайманов орусиялык балбан Виталий Кабалоевге 9:0 эсебинде жеңилди. Балбан Руслан Царев египеттик Насан Ахмад Мохамедди 9:1 эсебинде жеңип, 1\8 финалында венгриялык Балинт Корпасиге жеңилип калды. 82 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Калидин Асыкеев армениялык Максим Манукиянга 4:1 эсебинде жеңилди.
Бул күнү дагы бир кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков килемге чыгат. Ал 63 килограммга чейинки салмакта күрөшмөкчү.
Чемпионатка Кыргызстандан 22 балбан барган. Арасында Каныбек Жолчубеков, Атабек Азизбеков, Үзүр Жусупбеков, Айсулуу Тыныбекова ж.б. бар. Бул чемпионатта олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Алдыңкы бештикке кирген балбандарга лицензия берилет.