Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Тажикстан дагы бир чектеш аймакка шагыл төккөнү кабарланды


Тажикстан менен Кыргызстандын желектери.
Тажикстан менен Кыргызстандын желектери.

Тажикстанда Кыргызстан менен чектеш аймактардын эки жерине курулуш ишин баштоо аракети жүрүп жатканы кабарланууда. Биринчиси - Лейлек районундагы Максат айылы менен Тажикстандын Овчу-Калача айылынын чектешкен жеринде, экинчиси Баткен районуна чектеш аймакта экенин тургундар "Азаттыктын" кабарчысына айтышты.

Лейлектеги чек ара аймагында курулуш жүрүп жатканы, Баткен районуна жакын жерге шагыл төгүлүп, тактайларды алып келишкени маалымдалды.

Лейлек жана Баткен райондорунун акимдери коңшулар менен тактоо иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Азырынча тажик тараптан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Кандай курулуш экени да маалым эмес.

31-август күнү ушул аймакка жакын Арка айылында Кыргызстандын жараны өз үйүнө коргон куруп жатканда, тажикстандыктар каршылык көрсөткөн.

Мындан кийин эки тараптын расмий өкүлдөрү жолугуп, такталбаган аймакта курулуш ишин токтото турууну макулдашкан. (JsA)

XS
SM
MD
LG