Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

ӨКМ: Жайлоодо калган чабандарга жардам көрсөтүлүүдө


Чүй районундагы Шамшы жайлоосунда калың карда калып калган тогуз чабандын абалы жакшы, тиешелүү жардамдар көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, адамдарга жылынуучу жай уюштурулуп, ылдый түшүп бараткан чабандарга ысык тамак берилип жатат. Жеринде Чүй облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Азис Эгембердиев жетектеген ыкчам топ иш алып барып жатканын министрликтен билдиришти. Чабандар малдарын айдап, жакага түшүп жатат.

Калың жааган кардан улам Шамшы жайлоосунда 9 чабан мал жандыктары менен түшө албай калганы боюнча маалымат 13-сентябрда тараган. Чабандардын арасында өспүрүмдөр да бар экенин туугандары кабарланган болчу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги республика боюнча ушул күндөрү жайлоодон 40 чабан 299 жылкы, 1183 бодо мал жана 25 716 кой-эчкиси менен жакага көчүрүлгөнүн кабарлады.

Калың кардан улам жети жылкы, бир уй жана 265 кой-эчки кырылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG