Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Сауд Арабиясы мунай өндүрүүнү эки эсе азайтты


Өрттөн кийин тартылган сүрөт. 14-сентябрь, 2019-жыл.
Өрттөн кийин тартылган сүрөт. 14-сентябрь, 2019-жыл.

Сауд Арабиясындагы «Aramco» мамлекеттик компаниясына таандык эки ири мунай кенине дрондон чабуул коюлган соң мунай өндүрүү эки эсе азайды. Өрт чалган мунай кендерине коюлган чабуул үчүн йемендик хусит козголоңчулар жоопкерчиликти алды. Мындан улам акыркы суткада мунай өндүрүү 5 миллион баррелге чейин кыскарганы кабарланды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бул чабуул үчүн жоопкерчиликти Иранга жүктөп, «Тегеран дүйнөлүк мунай өндүрүүгө болуп көрбөгөндөй сокку урду» деп сынга алды.

Мунай кендерине чабуул 14-сентябрь таң эртеден башталган. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы бул чабуул Йемендин аймагынан жасалганы жөнүндө эч кандай далил жок экенин белгилеп, Ирандын президенти Хасан Роухани менен тышкы иштер министри Жавад Зарифти «жалганчы дипломатия жүргүзөт» деп күнөөлөдү.

Батыштагы маалымат агенттиктери мунай кендерине коюлган чабуулдар Йемендеги хусит козголоңчулары эң акыркы үлгүдөгү учкучсуз аппараттан баллистикалык ракеталарга чейин ээлик кыларын көрсөткөнүн жазып, бул Сауд Арабиясы үчүн коркунуч туудурарын белгилешти.

Сауд Арабиясындагы мунай кендерине дрон чабуулдары биринчи жолу болуп жаткан жок. Быйыл май айында «Чыгыш-Батыш» мунай куурунун эки насос станциясына дрондон сокку урулган. Андан сегиз станцияда өрт чыгып, тез эле өчүрүлгөн. Анда да чабуулду Йемендеги Иран колдогон хусит жоочулары уюштурганы айтылган.

XS
SM
MD
LG