Бүгүн Бишкекте «Ак илбирсти сактайбыз» аттуу эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өттү. Анын жүрүшүндө шаар тургундары, спортчулар Бишкектин түштүк бөлүгүнөн Манас көчөсү менен Ала-Тоо аянтына чейин чуркап өтүштү. Бул иш-чарага шаардыктар, бир катар депутаттар жана коомдук ишмерлер катышты.
Байге фонду 4,5 миллион сомду түзгөн жарым марафондо катышуучулар 1,14 жана 21,1 чакырымды чуркап өтүштү. Бул иш-чарадан топтолгон каражаттын 50 пайызы Ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык фондго жана «Ала-Арча» жаратылыш паркына кошумча фото капкандарды сатып алууга жумшалат.
Марафонго байланыштуу Чыңгыз Айтматов, Чүй, Киев, Абдрахманов көчөлөрү бир топко чейин жабык турду. Ошондон улам Бишкектин бир нече көчөсүндө тыгын пайда болду. (BkA)