АКШ бийлиги “Аль-Каида” террорчул уюмунун негиздөөчүсү Усама бен Ладендин уулу Хамза атайын операциянын жүрүшүндө өлтүрүлгөнүн ырастады. Маалыматка ылайык, террорчул уюмдун жетекчилеринин бири болгон Хамза бен Ладен Ооганстан менен Пакистан чектешкен аймакта жок кылынган.
Бул операция качан жүргүзүлгөнү боюнча кабар президент Дональд Трамптын администрациясы тараткан маалыматта айтылган эмес.
Буга чейин АКШдагы бир нече маалымат каражаттары жашы 30дан жаңы өткөн кенже бен Ладен өлтүрүлгөнүн август айында өз булактарына таянып жазып чыккан болчу.
Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Хамза бен Ладенди “Аль-Каида” террорчул уюмунда атасынын ордун басууга “мураскорлордун бири” катары атаган. Америкалык бийлик ал жөнүндө маалымат берген адам үчүн миллион доллар акчалай байге убада кылган.
Хамза бен Ладен буга чейин АКШга кол салуу чакырыгы менен интернетке аудио жана видео кайрылууларды чыгарып келген.
2001-жылы 11-сентябрда АКШга жасалган чабуулдун башкы уюштуруучусу саналган Усама бен Ладен 2011-жылы атайын операция учурунда Пакистандын аймагында жок кылынган эле.