Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Өзбекстанда кумсаны өлтүргөндөр кармалды


Ташкент шаарынын милициясы кумсанын өлүмүнө шектүү эки адам кармалганын жарыялады.

25 жаштагы Шокир Шавкатовдун өлүмүнө шектүүлөрдү Ташкенттеги Юнусабад райондук милициясы 13-сентябрда кармаган.

Шавкатовдун бычакталып өлтүрүлгөн сөөгү 12-сентябрда табылган эле. Ал бир күн мурда "Инстаграмдагы" баракчасына кумса экенин ачык айтып чыккан.

Маркумдун досунун айтымында, Шавкатов ошол күнү сексуалдык азчылыктын өкүлдөрү чогулган түнкү клубга барган. Ал жерден 40 жаштагы эки адам келип, Шокир Шавкатовду алып кетишкен. Эртеси күнү анын мууздалган сөөгү Ташкенттеги батирлердин биринен табылган.

XS
SM
MD
LG