Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:44

Донбасс менен Крымда украин тилинде билим берүү азайтылды


Жикчил «Донецк элдик республикасынын» жетекчилери Донецктеги борбордук аянтта. 11.5.2017.

Орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарда украин тилинде окутуу дээрлик токтотулду. Бул Адам укугу боюнча Харьков тобу жарыялаган баяндамада айтылат.

Андагы маалыматтарга ылайык, 2014-жылдан тарта мектептерде украин тилинде билим берүү азайтылган. Учурда Донбасстын орусиячылдар көзөмөлдөгөн райондорунда жумасына бир гана жолу украин тили сабагы өтөт.

«Бул ачыктан-ачык орусташтыруу программасы» деп айтылат укук коргоо тобу жарыялаган отчетто.

Ал эми Орусия аннексиялаган Крым жарым аралында да украин тилинде билим берген мектептер жабылган. Крым татарларынын тилиндеги билим берүү жайлары кескин азайып, учурда мындай жети гана мектеп калган. Бул аймактардын бийлиги мындай кырдаалды жергиликтүү калктын талабы катары түшүндүрүп келатат.

2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялаган. Москва мындай аракетти жергиликтүү калктын каалоосу менен түшүндүргөн.

Ал эми Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарын орусиячыл жикчилдер башкарып, өз алдынча республика деп жарыялашкан.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG