16-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. 17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрүшү мүмкүн.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Аба ырайы:
“Кыргызгидромет" агенттиги 16-сентябрда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөрүн кабарлады. Кээ бир райондордо нөшөр төгөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 13...18;
Нарын жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19;
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26;
Талас облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22;
Чүй өрөөнүндө 8...13, күндүз 19...24;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1..-6, күндүз 2...7 градус болот.
Бишкек шаарында 16-сентябрда күндүз жаан-чачын болбойт, түнкүсүн мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 11...13, күндүз 22...24 градус жылыйт.