Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Коло үчүн күрөшкөн кыргызстандык балбан жеңилди


Тынар Шаршенбеков (көк кийимчен) жана Максим Нихода. Казакстан, Нур-Султан шаары. 15-сентябрь, 2019-жыл.
Тынар Шаршенбеков (көк кийимчен) жана Максим Нихода. Казакстан, Нур-Султан шаары. 15-сентябрь, 2019-жыл.

Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 63 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн болгон беттеште казакстандык балбанга жеңилди. 3-орун үчүн таймашта Шаршенбеков казак спортчусу Алмат Кебиспаевге 9:0 эсебинде утулду.

Шаршенбеков бул дүйнө чемпионатында таймаштарын 14-сентябрда баштаган. Ал күнү биринчи беттешинде болгариялык Румен Савчевди 8:1 эсебинде утуп, чейрек финалда жапон балбаны Шиноби Отага жеңилди. Бир күндөн кийин Шаршенбеков көңүл жубатуучу беттеште күчүн сынап, ал беттеште Беларусиядан келген балбан Максим Ниходаны 6:4 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөшүүгө укук алган эле.

Дүйнө чемпионаты 22-сентябрда жыйынтыкталат. (GT)

XS
SM
MD
LG