Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Ооганстанда Кызыл Чырым комитетинин иши толук жанданды


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооган талибдери 15-сентябрда гуманитардык миссияны аткарган Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин ишмердигине өзү көзөмөлдөгөн аймактарда киргизген чектөөсүн жоюп, анын кызматкерлеринин коопсуздугуна кепилдик бере тургандыктарын билдиришти.

«Ислам Эмираты Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин мурдагы коопсуздук кепилдигин калыбына келтирет. Ошондой эле бардык согушкерлерге анын иштөөсүн камсыздоого буйрук берет жана бул комитеттин кызматкерлерине жана шаймандарына кепилдик берүү тууралуу эскертет» деп айтылат «Талибан» кыймылынын билдирүүсүндө.

Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин өкүлү алар бүт өлкө боюнча ишмердигин жандандырганын ырастады.

Апрелде «Талибан» кыймылы Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ишмердигине өзү көзөмөлдөгөн аймактарда тыюу салган. Алар бул эки уюм эмдөөгө шылтап, шектүү иш-аракеттерди жүргүзөт деп шектенет.

«Талибандын» 15-сентябрдагы билдирүүсүндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тууралуу айтылган жок.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Ооганстанда полиомиелитке, башкача айтканда шалга каршы эмдөө уюштуруп келет. Ооганстан шал оорусу эпидемия деңгээлинде калып жаткан саналуу өлкөлөрдүн бири.

Талибдер Ооганстандагы 410 райондун жарымын көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG