Спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Мелдештин экинчи күнүндө 55, 63, 72 жана 82 килограммга чейинки салмактарда алтын, күмүш жана коло байгелер үчүн беттештер өттү.
Дүйнөлүк күрөш чемпионаты: кармаш, ыза, сүйүнүч
Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 63 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн болгон беттеште казакстандык балбан Алмат Кебиспаевге 9:0 эсебинде утулду.
![Балбан Тынар Шаршенбеков (кызыл кийимчен) коло байге үчүн күрөшүп жаткан учур. Мында ал казакстандык балбан Алмат Кебиспаевге 9:0 эсебинде утулду. ](https://gdb.rferl.org/EB3AB816-3477-47D0-A41C-CE0F4E1665AE_w1024_q10_s.jpg)
1
Балбан Тынар Шаршенбеков (кызыл кийимчен) коло байге үчүн күрөшүп жаткан учур. Мында ал казакстандык балбан Алмат Кебиспаевге 9:0 эсебинде утулду.
![Балбан Тынар Шаршенбеков коло байге үчүн күрөшкө чыгып жактан учуру.](https://gdb.rferl.org/9F0CD5A9-50C0-441F-853A-B8CECBE4F06A_w1024_q10_s.jpg)
2
Балбан Тынар Шаршенбеков коло байге үчүн күрөшкө чыгып жактан учуру.
![Шаршенбеков бул дүйнө чемпионатында таймаштарын 14-сентябрда баштаган. Биринчи беттешинде болгариялык Румен Савчевди 8:1 эсебинде утуп, чейрек финалда жапон балбаны Шиноби Отага жеңилди. Ота финалга чыккандыктан Шаршенбеков көңүл жубатуучу беттеште күчүн сыноого мүмкүнчүлүк алган. ](https://gdb.rferl.org/A0CCAD1C-61AB-43D0-8B4E-B924FBF78D91_w1024_q10_s.jpg)
3
Шаршенбеков бул дүйнө чемпионатында таймаштарын 14-сентябрда баштаган. Биринчи беттешинде болгариялык Румен Савчевди 8:1 эсебинде утуп, чейрек финалда жапон балбаны Шиноби Отага жеңилди. Ота финалга чыккандыктан Шаршенбеков көңүл жубатуучу беттеште күчүн сыноого мүмкүнчүлүк алган.
![Шаршенбеков көңүл жубатуучу беттеште күрөшүп жаткан учуру. Мында Шаршенбеков Беларустан келген балбан Максим Ниходаны 6:4 эсебинде жеңди.](https://gdb.rferl.org/B41B9186-A34D-41F9-9199-8F32D64A9EFB_w1024_q10_s.jpg)
4
Шаршенбеков көңүл жубатуучу беттеште күрөшүп жаткан учуру. Мында Шаршенбеков Беларустан келген балбан Максим Ниходаны 6:4 эсебинде жеңди.
![Мелдеш өтүп жаткан «Барыс» аренасынын ички көрүнүшү.](https://gdb.rferl.org/F2FC0861-933D-446C-B184-E5E9AF7C04C9_w1024_q10_s.jpg)
5
Мелдеш өтүп жаткан «Барыс» аренасынын ички көрүнүшү.
![Мелдештин экинчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн 55, 63, 72 жана 82 килограммга чейинки салмактарда алтын, күмүш жана коло байгелер үчүн беттештер өттү. ](https://gdb.rferl.org/0967562D-E88B-4831-AC10-7706D5B27747_w1024_q10_s.jpg)
6
Мелдештин экинчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн 55, 63, 72 жана 82 килограммга чейинки салмактарда алтын, күмүш жана коло байгелер үчүн беттештер өттү.
![Балбан Акжол Махмудов бул дүйнө чемпионатына көрүүчү катары келген. ](https://gdb.rferl.org/529D168E-4C6C-4A3C-895F-E648A2E502E9_w1024_q10_s.jpg)
7
Балбан Акжол Махмудов бул дүйнө чемпионатына көрүүчү катары келген.
![15-сентябрда 87 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн балбан Атабек Азизбеков алгачкы беттешинде латвиялык Лаймутис Адамайтисти 4:0 эсебинде утуп, бирок кийинки беттешинде Виктор Лоринчеге жеңилди. Атаандашынын финалга чыкканына байланыштуу Атабеков 16-сентябрда көңүл жубатуучу беттеште күрөшөт. Эгер ал беттеште жеңишке жетсе олимпиадалык лицензияга ээ болот.](https://gdb.rferl.org/4DB57CC8-74B2-43C2-A773-31C56C6DDDD9_w1024_q10_s.jpg)
8
15-сентябрда 87 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн балбан Атабек Азизбеков алгачкы беттешинде латвиялык Лаймутис Адамайтисти 4:0 эсебинде утуп, бирок кийинки беттешинде Виктор Лоринчеге жеңилди. Атаандашынын финалга чыкканына байланыштуу Атабеков 16-сентябрда көңүл жубатуучу беттеште күрөшөт. Эгер ал беттеште жеңишке жетсе олимпиадалык лицензияга ээ болот.
![55 килограммга чейинки салмакта алтын байгени грузиялык балбан Нугази Суртсанян утту. Ал финалда казак балбаны Корлан Жаканша менен күч сынашты. ](https://gdb.rferl.org/37EBB0E0-633A-4A0E-8B38-44928C3D6985_w1024_q10_s.jpg)
9
55 килограммга чейинки салмакта алтын байгени грузиялык балбан Нугази Суртсанян утту. Ал финалда казак балбаны Корлан Жаканша менен күч сынашты.
![Казак жана грузин балбандары алтын байге үчүн күрөшүүдө. ](https://gdb.rferl.org/BB8C946F-6EDC-4864-ABC6-C110078FC90B_w1024_q10_s.jpg)
10
Казак жана грузин балбандары алтын байге үчүн күрөшүүдө.
![Грузиялык балбан Нугзари Суртсума жеңишин майрамдап жатат. Ал 55 килограммга чейинки салмакта дүйнө чемпиону болду. ](https://gdb.rferl.org/74C094B9-2855-464D-9B22-98D25250E0EC_w1024_q10_s.jpg)
11
Грузиялык балбан Нугзари Суртсума жеңишин майрамдап жатат. Ал 55 килограммга чейинки салмакта дүйнө чемпиону болду.
![Германиядан келген күйөрман. ](https://gdb.rferl.org/E6F1F530-BCB1-4C85-9AB1-EC9D23EA0A1A_w1024_q10_s.jpg)
12
Германиядан келген күйөрман.
![Күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты 22-сентябрда жыйынтыкталат. ](https://gdb.rferl.org/E5EF2501-B8E8-4987-AF3E-4704EE64F711_w1024_q10_s.jpg)
13
Күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты 22-сентябрда жыйынтыкталат.
![55 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн күрөшүп жаткан жапониялык жана кытайлык балбандар Шота Огава менен Лигуо Чау.](https://gdb.rferl.org/33DB0378-FA4C-4612-8334-C3062728A46D_w1024_q10_s.jpg)
14
55 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн күрөшүп жаткан жапониялык жана кытайлык балбандар Шота Огава менен Лигуо Чау.
![Бул беттеште жапон балбаны Шота Огава жеңишке жетти. ](https://gdb.rferl.org/C3CFAB93-A5D9-4922-9499-BE8A2A7472BE_w1024_q10_s.jpg)
15
Бул беттеште жапон балбаны Шота Огава жеңишке жетти.
![63 килограммга чейинки салмакта жапон балбаны Шиноби Ота дүйнө чемпиону атыкты. Ал финалда орусиялык Степан Мариянанды 10:4 эсебинде жеңди. ](https://gdb.rferl.org/CECC285F-B120-448D-B9C4-950BCFB10587_w1024_q10_s.jpg)
16
63 килограммга чейинки салмакта жапон балбаны Шиноби Ота дүйнө чемпиону атыкты. Ал финалда орусиялык Степан Мариянанды 10:4 эсебинде жеңди.
![Дүйнө чемпиону болгон жапон балбаны Шиноби Ота жеңишин майрамдап жаткан учуру. ](https://gdb.rferl.org/C113EDCB-4146-432F-9C9D-53A3C4D1BF4D_w1024_q10_s.jpg)
17
Дүйнө чемпиону болгон жапон балбаны Шиноби Ота жеңишин майрамдап жаткан учуру.
![72 килограммга чейинки салмакта орусиялык Абуазид Мансугов алтын медалдын ээси болду. Күмүш байгени өзбекстандык балбан Арам Вардиян алды. ](https://gdb.rferl.org/89CEA0DA-380B-430E-B880-DCD6E319AA35_w1024_q10_s.jpg)
18
72 килограммга чейинки салмакта орусиялык Абуазид Мансугов алтын медалдын ээси болду. Күмүш байгени өзбекстандык балбан Арам Вардиян алды.