АКШнын президенти Дональд Трамп өз өлкөсү Сауд Арабиясындагы мунай кендерине коюлган чабуулга жооп катары чара көрүүгө даяр экенин билдирди. Ал «Твиттердеги» өз баракчасына «Сауд Арабиясындагы мунай өндүрүү чабуулга кабылды» деп жазды.
Трамп бул чабуулга байланыштуу расмий Эр-Рияддан маалымат күтүп жатканын белгилеп, ошого жараша жооп кайтарууга даяр экенин жарыялады.
Ага чейин АКШ президенти мунай базарындагы абалды турукташтырыш үчүн кошумча чара көрүүнү сунуш кылган.
14-сентябрда Сауд Арабиясындагы «Aramco» мамлекеттик компаниясына таандык эки ири мунай кенине дрондон чабуул коюлган. Бул чабуул үчүн йемендик хусит козголоңчулар жоопкерчилик алды. Ушундан улам акыркы суткада мунай өндүрүү эки эсеге азайганы кабарланган болчу.