Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:29

Баткен: тажик тарап такталбаган жерде курулуш ишин улантууда


Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажик тарап Баткен облусунун Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) жергесиндеги такталбаган кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинин аймагында кыргыз тарап менен макулдашылбаган курулуш иштерин жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, учурда Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолу ачык жана кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу.

Кыргыз тарап Көк-Таш – Аксай жолун асфальттоо иштерин улантууда, Баткен районунун Аксай айылынын Дача жергесинде, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы чек ара постун куруп жатат.

Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде, чек ара тарамдарын жана башка мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоодо.

14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаган. Буга нааразы болгон кыргыз жарандары ошол аймакка чогулушкан. Чатактын алдын алуу максатында эки мамлекет ортосундагы чек араны кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өткөн.

Бул маселени жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Тажикстан болсо такталбаган аймактагы курулуш тууралуу эч кандай комментарий бере элек. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (49)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG