Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

Түркиянын белгилүү кино жылдыздары Ошко келишет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

17-19-сентябрда түрк тасмаларынын кино жумалыгынын алкагында Түркиянын кино жана сериалдарынын актёрлору келери кабарланды.

Сезгин Эрдемир, Эдип Зейдан жана Вилдан Атасевер сыяктуу актёрлор, түрк кинопродюсерлери менен бирге жергиликтүү кинотеатрларда кино күйөрмандары, коомчулук менен жолугушат.

Жумалык «Ош - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деген иш-чаранын алкагында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин көмөгү, ТҮРКСОЙ уюму жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен өтөт.

Белгилей кетсек, Ош шаары 2019-жылы «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланган. Мындай чечим былтыр 18-декабрда Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин №36 отурумунда бир добуштан кабыл алынган. (ElB)

XS
SM
MD
LG