Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Ысык-Көлдөгү акцияда 6,5 тонна таштанды чогулду


Ысык-Көлдө #EUBeachCleanUp акциясында жыйналган таштандылар.
Ысык-Көлдө #EUBeachCleanUp акциясында жыйналган таштандылар.

Ысык-Көлдө экологияны желим таштандылардан тазалоо максатын көздөгөн #EUBeachCleanUp аттуу акцияда 6.5 тонна таштанды чогултулду.

Акцияны өткөрүү боюнча Европа Биримдиги демилге көтөрүп, ага биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, Германиянын, Британиянын Кыргызстандагы элчиликтеринин кызматкерлери жана Бишкек менен Ысык-Көлдөн ыктыярчылар катышты.

Маалыматка караганда, жайында эл көп барган Бостери айылындагы жээк тазаланып, ага 150 киши катышты. Акциянын жыйынтыгында 6,5 тонна таштанды чогултулуп, ал Балыкчы шаарындагы таштандыны кайра иштетүүчү заводго өткөрүлүп берилди. Анын 2/3си айнек жана желимдер.

#EUBeachCleanUp экологиялык акциясы дүйнөдө жыл сайын өтөт. 2018-жылы 70 өлкөдө белгиленип, 3000дей киши катышкан. Быйыл аталган акция 80 мамлекетте өтүп жатат.

Адистер жыл сайын көлдөрдө, океандарда 8 миллион тоннадан ашык желим таштанды табыларын айтышат. Эгер бул тенденция сакталса, 2050-жылга карата океандарда балыкка караганда пластик көп болот. (BTo)

XS
SM
MD
LG