Талас шаарында Улуттук көчмөндөр оюндарынын ат оюндары өтө турган ипподромдо курулуш иштери толугу менен бүтө элек. «Азаттыктын» кабарчысы жеринен кабарлагандай учурда таман таш (брусчатка) төшөлүп, ат майданда отургучтар коюлуп жатат.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурпери Садырбекова ипподромдо ат оюндары саат 10:00дө башталары пландалып, курулуш иштери бүтө элек болуп жатканына байланыштуу 16:00гө жылдырылганын кабарлады:
- Спорттук мелдештерге биздин спортчулар даяр. Калыстар да ошол жерде. Негизи программа боюнча мелдештер эртең менен башталмак. Бирок көрүүчүлөргө толук шарт түзүлбөгөндүктөн 16:00гө жылдырылды. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик «оюн өтчү жерди спортчуларга ушул убакытка даярдап беребиз» деди.
Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары 16-21-сентябрь күндөрү болот. Анын алкагында «Манас-Ордо» комплексинде, сөз болуп жаткан ат майданда жана «Газпром» спорт комплексинде иш-чаралар өтөт.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келатат. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы ага жалпысынан 300 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. Ал учурда бул оюндарды өткөрүү кезеги Түркияга өткөрүлүп берилгени кабарланган.
Быйыл өкмөт Улуттук көчмөндөр оюндары эми Кыргызстанда аймактарда өткөрүлөрүн жарыялаган. (BTo/KR)