Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

Трамп: АКШ Саудиянын мунай кениндеги чабуул боюнча чара көрөт


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Дональд Трамп Сауд Арабиясынын мунай өндүрүшүн эки эсеге кыскартууга алып келген чабуулга байланыштуу Кошмо Штаттары жооп чараларды көрө турганын билдирди.

"Бизде бул окуяга күнөөлүүлөр ким экенин божомолдоого негиз бар. Бирок бул чабуулга эмне себеп болгону тууралуу падышачылыктан жооп күтөбүз", деп жазды ал 15-сентябрда “Твиттер” баракчасына.

The Washington Post гезити өз булактарына таянып, АКШ чындап эле чабуулга жооп берүүгө ниеттенип жатканын, Трамп коргоо министри Марк Эспер менен жолукканын да жазды.

Анын алдында АКШнын президенти мунай базарын турукташтырууга зарылчылык жаралса, өлкөдөгү стратегиялык мунай запастарын колдонуу жагын караштыруу тууралуу буйрук берген. Расмий маалыматка ылайык, Кошмо Штаттардын запасында 630 миллион баррел мунай бар.

Эр-Рияд чабуулдан кийин мунай өндүрүүнү 5,7 миллион баррелге чейин, башкача айтканда эки эсе кыскартканына байланыштуу брент үлгүсүндөгү нефть 19% кымбаттап, бир баррели 71,95 долларга чыкты. Бул акыркы төрт айдагы эң жогорку баа.

Сауд Арабиясындагы эки заводго 14-сентябрда эртең менен чабуул коюлган. Ал үчүн жоопкерчиликти Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчулары алды.

Бирок АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео чабуул үчүн жоопкерчиликти Иранга жүктөп, «Тегеран дүйнөлүк мунай өндүрүүгө болуп көрбөгөндөй сокку урду» деп сынга алган.

XS
SM
MD
LG