Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:49

Улгайган аялды троллейбустан кууп чыккан айдоочу жумуштан алынды

Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкекте коомдук транспортто улгайган аялды урушуп, түшүрүп салган 11-троллейбустун айдоочусу жумуштан алынды. Бишкек шаарынын мэриясы тараткан маалыматка ылайык, айдоочу Эмгек кодексинин 83-беренесинин («Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу») негизинде кызматтан алынды.

Ошондой эле улук айдоочуга сөгүш берилип, депонун директору тартип жоопкерчилигине тартылды.

15-сентябрда социалдык тармактарда «11-троллейбуста болгон окуя» деген бир мүнөткө жетпеген видео тараган. Айдоочу улгайган аялдын баштыгы сасып жатканын айтып, троллейбустан кууп чыккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG