Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Дүйнө чемпионатында балбан Мурат Рамонов чейрек финалга чыкты


Мурат Рамонов (көк кийимчен) менен Рафаль Кражевски. Казакстан, Нур-Султан шаары. 16-сентябрь, 2019-жыл.
Мурат Рамонов (көк кийимчен) менен Рафаль Кражевски. Казакстан, Нур-Султан шаары. 16-сентябрь, 2019-жыл.

Оор салмакта күрөшкөн кыргыз балбаны Мурат Рамонов Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында чейрек финалга чыкты. Рамонов 130 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, 1\8 финалда казак балбаны Мансур Шадукаевди жеңип алды. Алгачкы беттешинде болсо польшалык Рафаль Кражевскини 10:0 эсебинде утту.

Чейрек финалда ал кубалык балбан Пино Хидс менен беттешет. Эгер Рамонов чейрек финалда жеңишке жетсе олимпиадалык жолдомого ээ болот.

XS
SM
MD
LG