Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Ооганстанда машине жарылып беш киши өлдү


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстандын Фарах провинциясында жолго коюлган бомбадан автоунаа жарылып, беш киши мүрт кетти. Полициянын өкүлү Мухибулла Мухибдин айтымында, курмандыктардын арасында балдар жана аялдар да бар. Ал жарылуу 15-сентябрда Фарах шаарынын жанында болгонун кошумчалады.

Кол салуу үчүн эч кайсы топ жоопкерчилик ала элек. Бул провинцияда аракеттенген талибдер сентябрдын башында Фарах шаарын алуу максатында чабуулдарын баштаган. Согушкерлер полиция бекетин басып алып, аны өрттөп жиберишкен.

Бул кагылышта эки карапайым тургун да көз жумган. Кийин ооган күчтөрүнүн абадан урган соккуларынан соң «Талибан» кыймылынын жоочулары шаардан чыгып кетүүгө мажбур болушкан.

Талибдер Ооганстандагы 410 райондун жарымын көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG