Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:48

Шаршенбек Абдыкеримов журналисттик этика комиссиясына кайрылды


Шаршенбек Абдыкеримов.

«Аю» компаниясынын кожоюну, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаршенбек Абдыкеримов жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган комиссияга кайрылып, «Жаңы Ордо» гезитиндеги макалага баа берүүнү өтүндү. Даттануу 16-сентябрда жиберилгенин аталган комиссиянын өкүлдөрү кабарлашты.

«Шакинин канаты жакынкы күндөрү кайрылабы?» деген автору жазылбаган чакан макала гезиттин 2019-жылдын 6-сентябрындагы санына чыккан. Арыз ээси аталган макалада «Шаршенбек Абдыкеримов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каржылык жактан көмөк көрсөтүп жүргөнү» жөнүндө такталбаган маалыматтар жазылган деп эсептейт.

Журналисттердин этикалык комиссиясынын отурумдарына Абдыкеримовдун атынан «Аю Холдинг ассоциациясынын» аткаруучу директору Акылбек Кунакунов ишенимдүү өкүл болуп катышмакчы.

«Жаңы Ордо» гезитинин башкы редактору Наралы Асанбаев ушундай макала чыкканын «Азаттыкка» тастыктап, комиссияга жазылган арыз менен таанышкандан кийин комментарий берерин айтты.

Журналисттерден жана жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган, 13 кишиден турган комиссия коомдук башталышта иштеп, маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт. Жетекчиси - юрист Шамарал Майчиев.

Комиссия Журналисттердин этикалык кодексинин негизинде макалаларга сереп салып, эреже бузулган жерлер аныкталса, басылмага ал жөнүндө эскертет жана оңдоо киргизүүнү сунуш кылат.

Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодекси 23 беренеден турат.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG