Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Балбан Азизбеков коло байгеден куру калды


Атабек Азизбеков.
Атабек Азизбеков.

Кыргызстандык балбан Атабек Азизбеков Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн беттеште жеңилди. Ал өзбекстандык Рустам Ассакаловго 6:2 эсебинде утулуп калды. Коло байге үчүн күрөштө жеңилгенине карабай 2020-жылы Жапонияда өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомого ээ болду.

Азизбеков беттештерин 15-сентябрда баштап, грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан. Алгач ал латвиялык Лаймутис Адамайтисти 4:0 эсебинде утуп, бирок кийинки беттешинде венгриялык Виктор Лоринчеге жеңилди.

Венгер балбаны финалга чыкканына байланыштуу Азизбековго коло байге үчүн күрөшкө жол ача турган көңүл жубатуучу таймаштарга чыгууга жол ачылды. 16-сентябрда уланган көңүл жубатуучу беттеште ал алгач түркмөнстандык Шихазберди Овелековду 6:0, кийин кытайлык Жуинже Наны 6:1 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 14-сентябрда башталган. Бул мелдеште грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүнөн олимпиадалык салмакта алдыңкы беш орунду ээлегендерге Олимп оюндарына жолдомо берилет.(GT)

XS
SM
MD
LG