Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Акрам Мадумаров: «Талаштуу курулушту токтотууга көңүл бурулган жок»


Акрам Мадумаров.
Акрам Мадумаров.

Баткендин Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып Кыргызстандын бир чек арачысы окко учту. Учурдагы чек арадагы абал боюнча өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: - Акрам мырза, бүгүн кечке маал Лейлек районундагы Максат айылына жакын кыргыз-тажик чек арасында ок атыла баштаганы белгилүү болду. Учурда аймакта абал кандай?

Мадумаров: - Учурда атыш токтоду. Эки өлкөнүн күч органдарынын жетекчилери, чек арачылардын командирлери жеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Биз да өз деңгээлибизде Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси менен сүйлөшүп, ок атышууну токтотуп, абалды туруктуу сактоого тиешелүү күч органдарына тапшырма бердик. Учурда күч органдары жеринде иштеп жатат.

“Азаттык”: - Ок атышуудан жарадар болгондор, каза болгондор бар деп жатышат. Бул боюнча маалыматыңыз барбы?

Мадумаров: - Азырынча так маалымат боло элек. Так маалымат болсо кошумча беребиз. Учурда жеринде тиешелүү органдар иштеп жатат, алардын маалыматынын негизинде кийинчерээк кабарлайбыз.(Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы бир чек арачы окко учканын расмий ырастады - редакция).

“Азаттык”: - Жаңжалдын чыгышына эмне себеп болду жана ок атууну кайсы тарап баштады?

Мадумаров: - Ал жер такталбаган чек ара аймагы. Акыркы күндөрү өзүңөр көргөндөй, абал кооптуу болуп жаткан. Бүгүн, тилекке каршы, жергиликтүү тургундар контейнер коёрдо тажик тарап ок ата баштаптыр. Бул саат 19:30дарда болду. Бирок ага чейин тажик туугандар ошол айылда курулуш иштерин жүргүзүп жатышкан. Алар курулушту токтотуу боюнча эки тараптуу келишимге көңүл бурушкан жок. Ошондуктан биз коңшу өлкөнүн тиешелүү жетекчилерине курулушту токтотуу боюнча кабар бергенбиз. Бирок ага карабай бүгүн ал тараптан ок атылып отурат.

“Азаттык”: - Ок атылган аймактан жай тургундар: аялдар, балдар качып жатканы боюнча маалымат тарап жатат. Учурда алардын абалы кандай?

Мадумаров: - Биз эң негизгиси, элдин коопсуздугун сактоо боюнча жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү иштерди жүргүзүүнү тапшырдык. «Учурда элди коопсуз аймакка чыгаргыла, жеринде ошондой чечимдерге баргыла» деп айттык. Азыр бул боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз.

“Азаттык”: - Учурда сиз окуя болгон жердесизби?

Мадумаров: - Мен азыр Баткендемин. Атайын органдардын жетекчилери менен жыйын куруп, абалды карап жатабыз. Менин биринчи орун басарым азыр окуя болгон жерге барды. Азыр маалыматтарды алып, тиешелүү чечимдерди кабыл алабыз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG