Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Премьер-министр чек арадагы абал боюнча жыйын өткөрдү


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч органдарынын жетекчилери менен чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат берди.

Премьер-министр чек араны коргоо чараларын жана чек арага жакын аймактардын тургундарынын коопсуздугун күчөтүүнү тапшырды.

Абылгазиев кыргыз тарап буга чейин макулдашылган мамлекет аралык келишимди так сактарын белгилеген.

Учурда окуянын жерине вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев жөнөгөнү жатат.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Андан бир кыргыз чек арачысы каза болгону кабарланды. Кыргыз тарап ок атууну тажик тарап баштаганын айтса, коңшу өлкөнүн бийлиги жоопкерчиликти кыргызстандыктарга жүктөдү. (BkA)

XS
SM
MD
LG