Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу кыргыз тышкы саясат мекемеси кабарлады.
Сүйлөшүү маалында Айдарбеков Баткен облусундагы Максат жана Сай чек ара бекеттерине тажик аскерлеринин ок атышы алгылыксыз экенин билдирди.
Ошондой эле министр тажик тараптын огунан бир чек арачы каза болуп, эки адам жарадар болгонун жана Кыргызстандын жаранынын үйү өрттөнгөнүн кабарлады.
Чыңгыз Айдарбеков тажикстандык аскерлер минометтон ок атышканына көңүл бурган.
16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Андан бир кыргыз чек арачысы курман болгону кабарланды. Кыргыз тарап ок атууну тажик тарап баштаганын айтса, коңшу өлкөнүн бийлиги жоопкерчиликти кыргызстандыктарга жүктөдү. (BkA)