Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 16-сентябрдын кечинде, Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде, кыргыз-тажик чек арасындагы атышта курман болгон «Бөрү» атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминовдун жакындарына көңүл айтты.
Мекеме ал Максат айылындагы чатакта кызматтык милдетин аткарып жатып, тажик тараптын гранатомёттон аткылоосунан кийин көз жумганын белгилеген. Равшан Муминов 1978-жылы Ташкентте төрөлгөн. Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.
«Тажик тарап бир канча куралдан Лейлек районундагы Максат айылындагы чек ара бекетине, андан соң Сай айылындагы бекетке ок аткан» деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.
Мекеме ошондой эле бул окуяда дагы алты аскер жарадар болгонун, алар Исфана шаарындагы ооруканага жаткырылганын маалымдады.
Буга чейин Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматта Максат айылына жакын жердеги атышта эки чек ара кызматкери жана аталган айылдын алты тургуну жаракат алганы айтылып жаткан.
Кыргыз-тажик чек арасында ок атуу 21:30га карата токтогону кабарланган.
Тажикстандын чек ара күчтөрү окуянын курчушуна кыргыз тарап себепкер болгонун билдирүүдө. Мекеменин малыматына караганда, 16-сентябрда кечки саат 18:45те Бабажан Гафуров районуна караштуу Оочу Калача айылынын Бахор деген жериндеги спорт аянтчасында белгисиз имараттын курулушу башталган.
Тажикстандыктар Кыргызстандын жарандарына бул мыйзамсыз курулуш экенин эскертип, аны токтотууну талап кылышканы айтылат.
Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадагы абал боюнча күч органдарынын жетекчилери менен чукул жыйын өткөрдү.
Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков чек арадагы абал боюнча Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен телефондон сүйлөштү. Сүйлөшүү маалында Айдарбеков Баткен облусундагы Максат жана Сай чек ара бекеттерине тажик аскерлеринин ок атышы алгылыксыз экенин билдирди. Айдарбеков тажикстандык аскерлер миномёттон ок атканына өзгөчө көңүл бурган.