Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Эрнест Карыбеков жатак абакка которулду


Эрнест Карыбеков.
Эрнест Карыбеков.

Энергетика маселелери боюнча эксперт Эрнест Карыбеков жатак абакка которулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Саясий туткундарды коргоо комитетинин» төрагасы Сапарбек Аргымбаев билдирди. Анын айтымында, Карыбековду жатак абакка которуу боюнча адвокаттардын өтүнүчү сот тарабынан 4-сентябрда канааттандырылган. Учурда Эрнест Карыбеков үйүндө.

Аргымбаев саясий туткун деп эсептелген саясатчыларды актоо боюнча аракеттер мындан ары да көрүлөрүн кошумчалады.

Эрнест Карыбеков саясатчылар Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров менен кошо 2016-жылдын март айында, «бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен кармалган. Асанов менен Кадыров сегиз жылга, Карыбеков 14 жылга кесилген. Аларга байланышы бар деп кармалган, мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

Быйыл Жогорку сот Кадыров менен Асановдун жаза мөөнөтүн жаңы мыйзамдарга ылайык карап, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда 12-февралда эркиндикке чыгарган.

Ал эми Жогорку сот Карыбековдун өтүнүчүн карап, жаза мөөнөтүн 14 жылдан 11 жылга түшүргөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG