Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:37

Чек ара маселесин айтып чыккан депутат ИИМге 8 саат сурак берди


Сапарали Бөрүбаев.

Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу акыркы окуялар боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Бишкектеги 10-бөлүмүнө сегиз сааттай сурак берип чыкты. Бөрүбаевдин айтымында, сурактын купуялыгы жөнүндө тил катка кол койгондуктан ал тууралуу маалымат бере албайт.

Ал буга чейин 15-сентябрда да суракка алынганын, анда кыргыз-тажик чек арасынын айланасындагы окуялар боюнча суроолор болгонун айтты. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул маалыматты тактоого убада берип, бирок тактай элек.

14-сентябрда Сапарали Бөрүбаев жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, Лейлек району жана Баткен облусунун үч айыл өкмөтү анклавда калып калуу коркунучунда турганын айткан. Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерге тажик тарап таш төгүп, пост курганы жатканын билдирген. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG