Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 16-сентябрдагы жыйынында айтылды. Курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматы боюнча бул билим берүү имараттарын жаңыдан куруш үчүн 13 миллиард сом керектелет.
Билим берүү министрлиги учурда имараты жараксыз абалга келгенине байланыштуу эки мектепте окуучулар контейнерде окуп жатканын кабарлады. Алардын бири буга чейин талкууга түшкөн Нарын районунун Кеңеш айылында болсо, экинчиси Кара-Суу районунда.
Сентябрь айында Нарын районунун Кеңеш айылында Казалы Абиров атындагы мектептин негизги корпусу жараксыз болгондуктан окуучулардын бир бөлүгү контейнерлерде окуп жатканы коомчулуктун катуу сынына кабылган.
Ушул окуядан кийин билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү берген арызына ылайык кызматынан бошотулган.
Кыргызстанда авариялык абалда турган мектептердин маселеси көптөн бери көтөрүлүп келет. Буга чейин Жерүй кенин иштетүүгө лицензиядан түшкөн 100 миллион долларга мурдагы бийлик өлкөдөгү 100 мектепти жаңыдан салып, 100 мектепти капиталдык ремонттон өткөрүүгө убада берген. (BkA)