Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Орусияда оппозициячыл активисттер кармалды


Москвада дүйшөмбү күнү кечинде каттоосу жок «Башка Орусия» партиясынын 29 мүчөсүн милиция кармап кетти. Бул тууралуу аталган уюмдун социалдык тармактардагы баракчасына жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери партиянын кеңсесине курал-жарак сакталган-сакталбаганын текшериш үчүн келишкен. Жыйынтыгында бардык компьютер, флеш-карталарды алып кетти. Ал эми кеңседеги бардык адамдар милицияга жеткирилди.

Ага чейин «Башка Орусиянын» активисттери Москвадагы ИИМдин имаратынын дубалына саясий туткундарды бошотуу тууралуу талап жазылган баннерди илип кетишкен эле.

«Башка Орусия» - жазуучу Эдуард Лимонов жетектеген расмий каттоосу жок партия. Анын көпчүлүк мүчөлөрү учурда Орусияда экстремисттик деп табылган Улутчул-большевик партиясынын мүчөлөрү болушкан.

XS
SM
MD
LG